Ооганстанда полициячы көзөмөл бекетте уктап жаткан он бир кесиптешин атып салды. Бул тууралуу Гильменд провинциясынын басма сөз катчысы Омер Звак билдирди.
Анын айтымында, окуя 27-февраль күнү кечинде болгон. Кесиптештерин аткан полиция кызматкери алардын курал-жарагын жана ок дарысын жыйнап, Талибанга кошулуу үчүн кылмыш жасалган жерден унаа менен качып кеткен.
Полициячыларга кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы өзүнө алды.
Ооганстанда армия жана полиция кызматкерлери өз кесиптештерине кол салган учурлар негизги көйгөй болуп келүүдө.
«Талибанга» каршы күрөш жүргүзүп жаткан ооган Коопсуздук күчтөрү үчүн өздүк курам ичиндеги жоготуунун көптүгү жана жапырт дезертирлик дагы чоң көйгөйлөрдүн бири.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ