Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов бүгүн, 2-октябрда “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчини тааныштырды. Бул тууралу “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Буйругуна ылайык Абдыкеримов Канатбек Абдыжапарович Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин алдындагы “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору болуп дайындалды.
Канатбек Абдыкеримов буга чейин темир жолун долбоорлоо жана куруу боюнча дирекциясынын директору болуп иштеп келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ