Menu

Мадиярдын “маңкасы” чыкканы калдыбы?

Бөлүшүү:

Жал кичирайонунан эки жаранды аёосуз сабаган Жаныбек Бапышов жана Калысбек Сейитбеков аттуу зөөкүрлөргө убагында чара көрбөй тайраңдаткан Ленин РИИБнин начальниги Мадияр Кулуев кызматынан кетпейби? Окуя 28-августта болуптур. Жабырлангандар топтой тепкиленип, өлүм алдында жандандыруу бөлүмүнө түшүшкөн. Абалдары өтө кейиштүү. Мындай оор кылмыштын изи сууй электе айыптууларды ыкчам түрдө карматса болмок да. Тилекке каршы, Мадияр Кулуев курсагын сылап, көчүгүн көтөргүчө социалдык тармактарда чуу жаралып, мамлекеттик деңгээлдеги коомчулуктун нааразычылыгына күбө болдук. Бул погончон эргул керек болсо министр Кашкар Жунушалиевди тоготпогондой жүргөнүн байкадыңар беле? Сүйлөсө бакылдап кыйын эй! А ишке келгенде тушалып, дайыма ыңгайсыздык жаратканы эмнеси? Зарылбек Рысалиев министр кезинде Мадияр Кулуевдин “шалаакылыгынын” айынан милиция кызматкерлери атылганы скандал жаратып, жумуштан алынганы эсибизде. Бирок күнөөсүн мойнуна албай, долуланып атып соттошуп, кайра кызматка келип алганы белгилүү. Ошондон кийин министрлер “ал чыр, тийсең эле сотко берет” деп кулак жапырып калышканын билебиз. Дагы бир жагдайын эске салсак, өздүк курам буга дайыма нааразы экенин кайда жашырабыз? Жумушка кеч келип, эрте кеткени боюнча сын пикирлер ЖМКларга байма-бай чыгып калчу. Эч кимге баш бербеген Мадиярдын «маңкасы» чыгып, ушул ирет кызматынан ыргыйбы? Ооба, коомчулук өтө нааразы экенин Фейсбуктагы эле жарандардын кайрылууларынан байкасак болот.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: