Menu

Өзбекстан өкмөтү менен чек ара өкүлдөрүнүн иши тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков «Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иши тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» » Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 7-декабрында  кабыл алынган.

Макулдашуунун негизги максаты –  кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өз ара мамилелерине байланыштуу маселелерди жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын участокторунда чек ара өкүлдөрүнүн  ишинин тартибин регламенттөө, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, чек ара инциденттерин чечүү жана мамлекеттик чек арада режимди сактоо.

Бул Макулдашууну ратификациялоо чек ара инциденттерин чечүүдө, чек арадан өтүүнү биргелешип текшерүүдө жана чек ара өкүлдөрүнүн ишинде Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүү элементи болуп эсептелет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин  күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: