Menu

Сапар Исаков Чүй облусун өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 13-декабрда , Чүй облусун өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Кеңешме өлкөнүн бардык министрлик жана ведомство жетекчилеринин катышуусунда аймактардын көйгөйүн ыкчам чечүү боюнча үзгүлтүксүз жолугушуулардын алкагында өткөрүлгөн. Мурда мындай кеңешмелер Баткен, Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча өткөрүлгөн.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөттүн ишиндеги, анын ичинде «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын алкагында да келечектүү багыттардын бири өлкө аймактарын өнүктүрүү болуп саналат.

Сапар Исаков белгилегендей, Чүй облусунун өнөр жай, өндүрүштүк жана айыл чарба тармагындагы чоң мүмкүндүктөрү бар, аны толук түрдө ишке ашыруу зарыл.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Улан Карагулов аймактын өнөр жай, айыл чарба, инфраструктураны, туризмди, билим берүүнү, саламаттык сактоону өнүктүрүү жаатындагы негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берди.

Тактап айтканда, Улан Карагулов ишке киргизилген жаңы ишканалар, аймакты өнүктүрүүнүн келечектүү долбоорлору, унаа жолдорун реконструкциялоо, райондорду жана айылдарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча чаралар, пайдаланылбай жаткан жерлер тууралуу сунуштар, ирригациялык, социалдык жана билим берүү объектилерин куруу жана реконструкциялоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жана чек ара коопсуздугун камсыздоо маселелерине кеңири токтолду.

Премьер-министр Сапар Исаков аймактардын жол боюндагы инфраструктурасын: металл тосмолорун орнотуу, тротуарларды, жөө жүргүнчүлөр өтмөгүн , жарыктандыруу тутумун жана жол чийимдерин КР Өкмөтүнө караштуу Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин бирдиктүү стандарттарына жараша жергиликтүү бюджет эсебинен модернизациялоонун маанилүүлүгүн дагы бир ирет белгиледи.

Ошондой эле Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жаңы медициналык жана билим берүү мекемелерин курууда заманбап энергия сактоочу материалдарды пайдалануу тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте облустун райондорун жана айылдарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча так иш-чаралар планын ыкчам иштеп чыгуу тапшырылды. Мындан тышкары, Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине ичүүчү таза сууга карата өлкө аймактарынын муктаждыгын көрсөткөн так картаны түзүп чыгуу тапшырылды.

Өкмөт башчы катышуучулардын көңүлүн билим берүү тарамагына жаш кадрларды тартуу зарылдыгына буруп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жергиликтүү бийлик менен биргеликте аталган маселе боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна аймактык ооруканаларда жөө жүргүнчүлөр лифтин орнотуу маселесин ыкчам тартипте чечүү тапшырылды. Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлигне бирдиктүү стандарт боюнча аймактык ооруканаларды реконструкциялоонун деталдык планын иштеп чыгуу тапшырылды. Ошондой эле аймактын медициналык мекемелерин кайрадан түзүү жана өлкөнүн райондорунда жана айылдарындагы калктын жыштыгын эске алуу менен аларды оптимизациялоо мүмкүндүгүн карап чыгуу тапшырылды.

Буга катар Өкмөт башчы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштерди, анын ичинде Чу дайрасынын жээгин чыңдоо иштерин  өз учурунда аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Буга байланыштуу тийиштүү мамлекеттик органдарга Чу дайрасынын жээгинде кум жана таш өндүрүү менен алектенген компанияларга уруксаат документтерин берүүгө көзөмөлдү күчөтүү, лицензияларды кайра чакырып алууга дейре карап чыгуу тапшырылды. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Дайыр Кенекеевге аталган маселени өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Мындан тышкары тийиштүү мамлекеттик органдарга жергиликтүү бийлик менен биргеликте Чүй облусунда чек ара тозотторун куруу үчүн жер тилкелерин жана каражат издеп табуу тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды алга жылдыруу  жана коргоо боюнча агенттигине,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине Чүй облусунун батыш тарабында мал союучу цехти куруу боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.

Өкмөт башчы Сапар Исаков коюлган милдетти ишке ашыра албагандыгы үчүн тийиштүү мамлекеттик орган жетекчилери жеке жоопкерчилик тартаарын өзгөчө белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: