Menu

Мирзиёев кыйноолор тууралуу жарлык кабыл алуу оор болгонун айтты

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Конституциянын 25 жылдыгына арналган иш-чарада сөз сүйлөп жатып, кыйноолорго каршы жарлык кабыл алуу оңой эмес болгонун билдирди.

30-ноябрда президент Шавкат Мирзиёев далилдерди кыйноо жолу менен чогултууга жана аларды сотто колдонууга тыюу салган жарлык кабыл алган.

– Бул жарлыкты кабыл алуу оңой болгон жок. Себеби ал баарына эле жага бербеди. Бирок убакыт өткөн соң бул жарлык элибизге жагат деп ойлойм. Анткени биз эркин жана ачык коомду кургубуз келет. Дүйнөгө болгон көз карашыбызды өзгөрткүбүз келет. Буларды эске алуу менен баарын өз ордуна коюуга мезгил жетти, – деди Шавкат Мирзиёев.

Өзбек президенти жарлык элдин талабынын негизинде кабыл алынганын белгиледи.

Мирзиёев Өзбекстандагы түрмөлөргө видеокөзөмөл камералары орнотуларын айтты. Кыйноо учурлары катталса, прокуратура кызматкерлери тыкыр текшеришерин жана күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышын камсыздашарын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: