2017-жылдын 14-нобрында алдын ала алынган маалымат боюнча Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 335-чакырымында (Тогуз-Булак айылы) “Хонда-Степ” унаасы менен “Жигули” унаасы кагылышкан. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Жол кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, 4 адам жабыркаган.
Окуя болгон жерге КР ӨКМнин 74-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, унаанын ичинде кыпчылып калган адамдарды чыгарып беришкен.
Каза болгондордун жансыз денелери тез жардам кызматынын унаасы менен райондук ооруканага жеткирилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ