Жалал-абад шаарынын мэри Салайдин Авазов учурда өзүн эч кимге теңешкис кызматкер деп эсептейт. Чындыгында андай эмес. Жалалабаддыктар Салайдинди көрөйүн деген көзү жок экени бештен белгилүү. Авазов шайлоодо Сооронбай Жээнбековго чуркап бергени үчүн кайрадан мэр болуп шайланганын жар салып мактанып жүрүптүр. Бул киши шаар үчүн жаңыча бир жакшы иш жасаганын көргөн да, уккан да жокпуз. Тымызын “өнүгүүчүлөр” менен көз кысышып жүргөнү эле болбосо, башка жарытылуу иши деле жок. Аман эле болсун Авазов дегендер четген чыгат. Сооронбай мырза коррупция менен күрөшүүнү колго алганы чын болсо, биринчи Салайдинден баштаса жалалабаддыктар ыраазы болот эле.
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ