Гүлендин 3,5 миңге жакын жактоочулары Кыргызстандын аймагында жашынып жүрүшөт. Бул туурасында бүгүн 14-июлда Бишкекте болгон пресс-конференцияда Турциянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч билдирди.
Анын айтымында, жактоочулардын катарына төңкөрүштөн кийин качып кеткен Гүлендин жактоочулары гана эмес, башка өлкөлөрдөн дагы мисалы, Пакистан жана түштүк Африкадан келгендер да кирет.
Элчи андан сырткары мурунку жылдары бул ишти баалап турушканын жана анда Гүлендин жактоочулары төңкөрүш кылуу аракети болгонго чейин миңге жетпегенин кошумчалады.
Анын сөздөрүнө караганда, элчилик маалыматты кыргыз тараптагы тийиштүү органдарга өткөзүп берет.
akipress.org сайтынан кыргызчаланды
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ