Бишкектеги коомдук транспорттордун иши кийинки дем алыш күндөрү токтотулат. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлады.
Алардын айтымында, борбор калаанын көпчүлүк тургундарында бул маселе боюнча суроолор жаралган.
“Биз кийинки дем алыш күндөрү коомдук транспортту алдын-ала токтотууну пландап жатабыз”, – деп билдирди штабдан.
Эске салсак, кечээ, 20-июнда маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов дем алыш күндөрү коомдук транспортту токтото туруу пландаштырылганын айткан. Анын айтымында, жуктуруп алгандардын көбү инфекцияны кайдан жуктурганын билишпейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ