Өлкөнүн сыртында жүргөн Мелис Мырзакматов Темир Сариевди колдойт деген маалыматтар бар эле. Өзү ачык айтпаса да, анын партиялаштарынын жана ишенимдүү досторунун бири Искендер Гаипкулов баштаган бир катар – тың чыкмалардын Сариевдин талапкерлигин колдоп жүргөнүн көрчүбүз. Жакында Сариевдин штаб башчысы Элмира Ибраимова эшикти тарс жаап чыгып кеткенден кийин аны менен катар И.Гаипкулов жана Сариевдин кызыкчылыгына иштеп берип жаткан бир катар журналисттер да кетип калышкан. Алардын баары бүгүнкү күндө бир ооздон Бабановго үгүттөп жүргөнү маалым. Мырзакматовго жакын чөйрөдөгү ички булактардын маалыматы боюнча Мелис Жоошбаевич бул шайлоодо Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин колдоо чечимине келген экен.
Булак: “Алиби”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ