Menu

Вице-мэр, мэрияны сотко берди

Бөлүшүү:

Талас шаарынын вице-мэри Дамирбек Курманалиев мэрияны сотко берди. Вице-мэрдин мыйзамсыз жумуштан алындым деп эсептегени анын бул кадамга баруусуна себеп болгон. Ал: “Мен 6-июнда эмгек өргүүгө кеткем. Мэр мага: “эмгек өргүүгө чыга турган болсоң, өз каалооң менен жумуштан кетүү тууралуу арызыңды да кошо жаз” деди. Мен ага чейин Бишкекке башка жумушка которулуу жөнүндө ойлонуп жаткам. 6-июндан 5-июлга чейин эмгек өргүүгө, 8-июлдан тарта өз каалоом менен жумуштан кетүү тууралуу эки арыз жаздым. Бирок эмгек өргүүм бүтө электе, 3-июль күнү мэрге келип жумуштан кетпей турганымды айтып, кайра арыз таштадым. Ооруп жаткандыгыма байланыштуу 12 күн ооруканага жатып, жумушка келсем ээлеген кызматыман бошотуп коюшуптур. Анан сотко бердим. Мен таламымды талашам” – дейт Дамир Курманалиев.

Курманалиев мэриянын мындай чечимине макул эместигин айтып Талас шаардык сотуна кайрылганы белгилүү болду.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: