Menu

Видео – Дастан Бекешов, ЖК депутаты: “Коронавирус жайылып жатканда жарандарды көп чогулбоого, тойлорго азыраак барууга чакыралы”

Бөлүшүү:

“Коронавирустан сактануу боюнча коомчулукка рекомендациялар берилип жатабы? Ошол эле кол жуу боюнча..?”, – деп сурады депутат Дастан Бекешов өкмөттүн вице-премьери Алтынай Өмүрбековадан 26-февраль күнү Жогорку Кеңеште коронавирустун алдын алуу чараларын көрүү жаатында жасалып жаткан өкмөттүн аракеттери жөнүндө маалыматы угулуп жатканда.

“Мектептерде, университет жана башка окуу жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Телевидениеден көрүнбөйт го? Видеотасмалар жок го… Телефондорго МЧС смс кылып бериш керек, андай шарт бар да. Колду тез-тез жууш керек, көпчүлүк болуп чогулбай жүргүлө деп, коомчулукка айтпайсыңарбы, көп чогулбай жүргүлө, тойлорго азыраак баргыла деп. Мен системдүү жумуштуу көрбөй жатам. Муну МЧСке тапшыргыла да. Коомдук транспорткл дезинфекция жасалып жатабы?”, – деп кошумчалады депутат Дастан Бекешов.

Өлкө аймагында коронавирустун илдетинин жайылышына жол бербөө максатында 22 санитардык-карантиндик жай уюштурулуп, вируска шектелген адамдарга байкоо жүргүзүү үчүн 964 орун даярдалды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңеште коронавирустун алдыналуу чараларын көрүү жаатында жасалык жаткан аракеттер жөнүндө маалыматы угулуп жатканда билдирди. Жыйынга тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты. Вице-премьер-министр коронавирустун алдыналуу жана анын өлкө аймагында жайылышына жол бербөө чараларын көрүү максатында, премьер-министр башында турган республикалык штаб жана Өзгөрчө кырдаалдар министрлигинин алдында ыкчам топ түзүлгөнүн билдирди. «Дары-дармектер менен жеке коргонуу жабдыктары жетиштүү. Кырдаалдын создугуп кетүү тобокелчилигин эске алуу менен, башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө», – деди Алтынай Өмүрбекова. Ошондой эле, Кытайдын жогорку окуу жайларында 4600 студент окуп жатканы, алардын көбү Кыргызстанга кайтып келгени, азыр кытай аймагында 271 кыргыз жараны калганы белгилүү болду. «Кытайдагы жарандарыбыздын саны өзгөрөт, анткени айрым адамдар үчүнчү өлкө аркылуу Кытайга барышы мүмкүн. Ушул мезгил аралыгында Кытайдан 183 адам келген, азыр 158 адам медициналык байкоодо турат. Баш-аягы 800 анализ жүргүзүлдү», – деп кошумчалады вице-премьер-министр. Ал эми саламаттык сактоо министри бир катар өлкөлөрдө ыкчам изилдөөлөр жүргүзүлүп, коронавируска каршы ваксиналардын айрым үлгүлөрү иштелип чыкканын, алар эксперменталдык сыноодон өткөрүлүп жатканын билдирди. «Азыр коронавирус жуктурган кыргыз жараны жок, коронавируска каршы ваксина дагы жок. Эгер ваксинанын үлгүлөрү сыноодон ийгиликтүү өтүп, колдонууга чыкса, кыргыз кызматы тарабынан дароо аны алуу чаралары көрүлөт», – деди Космосбек Чолпонбаев. Депутаттар калктын калың катмары дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө жапырт жайылып жаткан коронавирус илдетинин кесепетинен чочулап турганын эске салышып, Кыргызстандын чек арасынан өткөн адамдарды ырааттуу катоого алып, карантин жайларында алардын абалына кылдат байкоо жүргүзүү, акча каражаттарын өз маалында бөлүү менен, кошумча дары-дармектер менен жеке коргонуу жабдыктарынын корун түзүү зарылдыгын белгилешти.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: