Menu

Алтынбек Жунус уулу, ЖКнын депутаты: “Кылмышкер качып кеткенден кийин сыртынан соттоп олтуруп калбай, ким ошого жардам бергендигин толук териштирсе жакшы болмок”

Бөлүшүү:

Өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыров бозгун болуп жүрүп да тынч жатпай, өзүн акмын деп кыргыз бийлигинен кордук көргөн өзбек улутунун лидери катары кыргыз бийлигин дүйнө жүзүнө мокочо кылып көрсөтүп келет. Биздин күч органдарыбыз унчукпай олтурат. Кыргыз-өзбек элинин ортосуна от жаккан Батыровду кармай албаган органдарга кандай баа берсек болот?

– Кадыржан Батыров боюнча биздин күч органдарыбыз өзүнүн баасын берген. Өкүнүчтүүсү, дүйнөлүк коомчулукка чыгып алып бизди жамандап жатканы болуп жатат. Жөнөкөй, жергиликтүү теле каналдардан эмес, дүйнөлүк БУУнун трибунасына, “Азаттыкка” чыгып, бүгүнкү Кыргызстандын абалын шылдыңдаганы аз келгенсип, бийлик бутагын, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн “мага качканыма жардам берген”- деген жийиркеничтүү сөздөрүн айтып жатат. Сөзсүз эле чет өлкөгө Батыровдой кылмышкер качып кеткенден кийин сыртынан соттоп олтуруп калбай, ким ошого жардам бергендигин толук териштирсе жакшы болмок. Кадыржанды кармап келгенге аракет жасап, коомчулукка ишендиришсе жакшы болмок. Эмне үчүн ошол жерде жогорку деңгээлде суроолор коюлган жок, баары табышмак. Биздин укук коргоо органдары ыкчам аракет кылып, чара көрбөгөнү, чечкиндүү кадамдарды жасабаганы көрүнүп турат. Биздин күч органдарынан Кадыржанды эртерээк кармап келип жазалоосун талап кылабыз. Күч органдарыбыздын деле бир аракети байкалбайт. Батыров каалашынча сүйлөп, каалагандай жылдыз болуп жатат. Анын 2010-жылда согушка элди кантип үндөгөнү боюнча атайын видеолору дагы бар. Өтө өкүнүчтүүсү адамдарды өлтүрүп, чоң коррупцияга малынып туруп, Кыргызстандан чыгып кетсең, сен кенен жашай берет экенсиң. Ушундай түшүнүктөн арылсак дегим келет. Баарын өз убагында баа берип, аны качырган адамдарды териштирип, сурап, жазасын чогуу бергенге жакшы болмок дегеним. Эл аралык келишимдердин иштебей жатканы толук көрүнүп турат. Бирок мунун баарына прокуратураны же милицияны күнөөлөгөн акылга сыйбайт.

 Даярдаган Баян Кулова

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: