Menu

Видео – Табылды Тиллаев, депутат: “Жеңишбек Парпиевич, көйгөйдү өзүңүз жаратып коюп, анан “барып чечип келдим” деп баатыр болбоңуз, бул уят!

Бөлүшүү:

“Биз бул көйгөйлөрдү өкмөткө эки ай мурун айттык эле, бирок аларды чечүүгө өкмөт эч кандай аракет кылган жок. Жеңишбек Парпиевич, сиз көйгөйдү өзүңүз жаратып коюп, анан барып чечип келдим деп баатыр болбоңуз. Бул уят! Ошол кездеги кичине көйгөйдү чечпей эми ал чоң көйгөйгө айланды”, – деди депутат Табылды Тиллаев бүгүн, 3-апрелде өткөн парламенттин жыйынында премьер-министр Абылгазиевге кайрылып.

Андан сырткары депутат Таабалды Тиллаев дагы Баткен облусунун чек арага танапташ айылдарынын көйгөйлөрүнө токтолду. Депутат айрым айылдардагы үйлөрдү, жер тилкелерин коӊшу мамлекеттин жарандары сатып алып жаткандыгына тынчсыздануусун билдирди. Мындай олутуу маселелерге КР Өкмөтүнүн көӊүлүн бурган Т.Тиллаев чек ара айылдарын баардык салыктардан бошотуу сыяктуу ыкчам чараларды көрүүгө чакырды.

Белгилей, кетсек, Жогорку Кеӊеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2019-жылдын 13-мартында болуп өткөн инцидент боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө” Жогорку Кеӊештин токтом долбоору жабык каралды.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: