Menu

Бүгүн акын Эгемберди Эрматовдун 65 жылдык мааракесине арналган конференция өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн 21-октябрда И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту Кыргыз Эл акыны, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын  төрагасы Э.Эрматовдун 65  жылдык мааракесине арналган “Эгемберди Эрматовдун заман кайрыктары” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрдү.

Иш чара Э.Эрматовдун чыгармачылыгы туурасында тартылган чакан тасма менен башталып, андан соң окуу жайдын таланттуу студенттери акындын ырларын көркөм окуду.

Конференциянын ардактуу конокторунун бири, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Т.Нурмамбетов Э.Эрматовдун чыгармачылык бийик деңгээлин баса белгилөө менен катар, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга жетекчи болгондон тарта кылган эмгектерин, кыргыз адабиятынын классиктеринин, ошондой эле жаш калемгерлердин китептерин жарыкка чыгарып, дүйнөлүк адабиятты котортуп кыргыз окурмандарына тартуулап келе жаткан эмгегин айтып өттү. Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору Абдыкадыр Садыков Э.Эрматовду доордун чындыгын жазган акын катары сыпаттады. Ошондой эле конференциянын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн И.Арабаев атындагы КМУнун профессору Абдыкерим Муратов, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору  А.О.Дюшембиева, Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери, психология илиминин кандидаты Маматали Мурзаев ж.б. Э.Эрматовдун иштемчилдиги, өзүнө болгон талапкөйлүгү анын чыгармачылыгындагы ийгилигинин ачкычы экендигин бир ооздон белгилешти.    Илимий-практикалык конференциянын негизги максаты катары  филология илимдеринин доктору А.Эгембердиева “Э.Эрматовдун  поэтикалык изденүүлөрү”   темасында,   И.Арабаев атындагы КМУнун доценти, филология илимдеринин кандидаты Р.Сыдыкова “Э.Эрматовдун чыгармачылыгындагы чыгыш поэзиясынын орду” темасында илимий баяндама жасашты.

Ал эми И.Арабаев атындагы КМУ тарабынан Э.Эрматовго “Ардактуу профессор” наамы ыйгарылды.

Иш чаранын алкагында Э.Эрматовдун чыгармалары жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан чыгарылгн китептерден турган көргөзмө уюштурулуп, студенттер жана бардык коноктор китептер менен кенен тааныша алды.

egemberdi-ermatov-65-2

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: