Мурда күнү, 21-октябрда Россиянын “Голос / The Voice Russia” (“Добуш”) теледолбоорунун катышуучулары Владислав Венгли менен Кайрат Примбердиев 5-сезондун Таймашуу этабында Майкл Джексондун «Black And White» аттуу ырын ырдап чыгышты.
Шоунун шарты боюнча Владислав Венгли менен Кайрат Примбердиевдин насаатчысы Леонид Агутин алардын бирин тандап долбоорго андан ары катышуу үчүн калтырыш керек эле. Экинчиси долбоордун шарты боюнча оюндан чыгыш керек. Леонид Агутин экөөсүнүн ырдаганын угуп көрүп Владислав Венглини шоуда калтырды.
Кайрат Примбердиев шоу менен коштошо баштаганда долбоордун дагы бир калыстар тобунун мүчөсү Дима Билан өз укугунан пайдаланып, Кайратты өзүнө шакирт кылып калтырды. Эми Примбердиевдин насаатчысы Дима Билан болуп, долбоорго катышуусун улантат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ