Гезитибиздин өткөн санында президенттин аппаратында иштеген кызматкерлердин Ош аэропорттогу ызы-чуусун жазган элек. Алардын аты-жөндөрүн тактадык. Билеттин акчасын бербей, орун жетпей жатса, карапайым элди көзгө илбей, билетсиз эле атайын «вип» машине менен келип, самолеттун алдыңкы орундуктарына отуруп алышкан эрендер Искендеров, Жакыпов, Бообеков, Махмутов экен. Аппаратчиктерди ким минтип эдиреңдетип жатат ыя?
Же «аппаратчиктер» самолётто бекер учушабы? Сооронбайга таянып алышып эле каалаганын кыла беришеби? Президенттин бетине кара көө сыйпап жатышпайбы? Фарид Ниязов бул төрт эрендин акесин таанытып, энесин Үч-Коргондон көрсөтүп коёбу эми? Же бармак басты көз кысты болуп, жабылуу аяк жабылуу бойдон кала береби? Кулагыбыз Фарид жакта?
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ