Кыргыз милициясынын 92 жылдыгына карата «Атам, апам жана мен, Биз спорттук үй-бүлөбүз » аталышдагы спорттук маданий эстафета Жалал-Абад ОИИБнын демилгеси астында уюштурулууда. Анда област аймагындагы милиция кызматкерлери арасында спорттун түрлөрү боюнча мелдеш өтүүдө. Иш-чарага ОИИБнын борбордук аппараты,Жалал-Абад ШИИБ, Сузак,Базар-Когон, Ноокен, Майлуу-Суу, Таш-Комур, Кара-Кол, Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун келген үй-бүлөлүк командалар катышты. Өзгөчөлүгү орган кызматында иштеген кызматкер өзүнүн үй-бүлөсүнөн команда кураган. Командада 3 адам( ата, бала, эне) оюнга катышууда.
Спорттук эстафета мүшөк кап кийип секирип жарышуу, васкетбол тобун коштоп чуркоо жана шакекчеге салуу , скалка секирүү, пистолет чачып куроо, аркан тартышуу мындан сырткары кызматкерлердин балдарынын сүрөт көргөзмөсү да уюштурулду.
Негизги максаты: Кызматкерлердин үй-бүлөсүнө майрамдык маанай тартуулоо, дени сак үй бүлөнү бекемдөө жана кесиптик күжүрмөн даярдыктарын арттыруу жана үй-бүлөлүк ынтымагын чыңдоо.
Жалал-Абад ОИИБнын башчысынын орун басары Ибрагим Шатманалиев белгилегендей милиция кызматкерлери айрым учурда жумуш менен алаксып үй-бүлөсүнө анча көңүл бөлө албай калат. Бүгүн майрамдын астында бир аз болсо да үй-бүлөгө көңүл бөлүп аларга майрамдык маанай тартуулоо менен спорт аркылуу сергек жашоого үндөө болуп саналат.
Жыйынтыгында 1-орунду Таш-Көмүр, 2-орунду Ноокен, 3-орунду Борбордук аппараты жана Кара-Көл ШИИБнүн командасы аныкталып белектер жана сый баракчаларга ээ болушту.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ