Быйыл күзүндө, сентябрь айында өтө турган III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катчылыгы бул оюндун расмий промо-ролигин жарыялады. Анда Кыргызстандын кайталангыс кооз жаратылышы менен улуттук оюндары, материалдык маданиятынын үлгүлөрү чагылдырылган.
Эсиңиздерге сала кетсек, I Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2014-жылы Ысык-Көлдө Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин Баш катчысынын орун басары Адахан Мадумаровдун демилгеси жана патронаждыгы астында өткөн.
II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2016-жылы ошол кездеги президент Алмаз Атамбаевдин демилгеси жана патронаждыгы астында өткөрүлгөн.
III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну быйыл, 2018-жылы сентябрда өткөрүлмөкчү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ