«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрүп келет. Бирок мындай сунушка бийлик тараптан жооп боло элек. Ал ортодо Сегизбаев күздө премьер-министр болуп калышы мүмкүн экени айтыла баштады. Бул саясий комбинация экс-президенттин айланасындагы камалгандан калган таасирдүү, ишенимдүү адамдарды өз тарабына тартууга багытталса, экинчиден, мындай жагдай Абулгазиевдин Өкмөттүн ишин тарта албай, экономика минуска кетип, президентке көлөкө түшүрүп жатканы себеп болуп жатыптыр.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ