Menu

Жолдогу тешиктерди суудан тазалабай оңдогондор иштен алынды

Бөлүшүү:

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Сокулук районундагы автожолдорду талаптагыдай оңдоо маселеси боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Өкмөт башчы социалдык тармактарда жолчулар жыртык-тешиктерди суудан тазалабай туруп, оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан видеону көргөнүн айтып, мындайга жол бергендерди жазалоо керектигин айтты.

– Кечээки видеотасма көп нерседен кабар берет. Бул бизге жарандык коомдун жардамы менен белгилүү болгон факты, тилекке каршы, тартылбай, айтылбай калган да фактылар бар. Акылга сыйбас иш жасаган, жол тармагында жасалып жаткан оң иштерге күмөн жараткан, өз ишине кайдыгер болгон жетекчилер мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат. Ушундай жоопкерчиликсиз кызматкерлердин айынан, мамлекеттин жолдорду оңдоого жумшап жаткан каражаты, мээнети текке кетет, – деди Сооронбай Жээнбеков.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында автожолдордогу жыртык-тешиктерди жамоо иштеринде министрликтин алдындагы №1 жол чарба департаментинин, жол эксплуатациялык ишканасынын башчысы Амангелди Молдоболотов жана дагы төрт жооптуу адам кызматынан бошотулду.

Мындан тышкары бир катар адамга эскертүү берилип, аны менен чогуу транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевге, жол чарба департаментинин директору Арстанбек Ибраевге сөгүш берүү тууралуу өкмөт башчыга сунуш киргизди.

Ал аталган иш боюнча иликтөө иштерин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жүргүзөрүн кошумчаласа, Жээнбеков, бул факт боюнча кылмыш ишин козгоо сыяктуу эң катуу чараларды көрүүнү тапшырды.

Буга чейин жол оңдоочулардын видеосу чыгары менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков министр Жамшитбек Калиловго кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: