Атамбаев бүгүн, 12-апрелде өлкөнүн финансы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушууда быйылкы жылга республикалык бюджеттин аткарылыш маселелери, бюджеттик саясаттын негизги багыттары, ошондой эле мамлекеттик казынанын киреше бөлүгүн чыңдоо чаралары талкууланды.
Адылбек Касымалиев бюджеттик процесстердин натыйжалуулуган арттыруу жана мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун ачыктыгын камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралу Атамбаевге айтып берди.
Президент бюджеттик саясатты алдын ала көрүү жагын арттыруу, бюджеттин тең салмактуулугун камсыздоо жана улуттук экономиканын өсүш темптерин арттыруу үчүн фискалдык саясатты жакшыртуу чараларын ишке ашыруунун маанисин белгиледи. Мамлекет башчысы андан тышкары калкты социалдык камсыздоо чөйрөсүндө милдеттерди өз маалында ишке ашыруу зарылдыгына министрдин көңүлүн бурду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ