Президенттик жарышта бир тыйын акча коротпой эле жүз миң добушка ээ болуп 3-орунда келген Адахан Мадумаров, шайлоодон кийинки абалга тынчсызданып, «Президенттик шайлоо бүттү. Анан эле жымжырттык өкүм сүрдү. Кечээки өлкөнүн тагдырын өз колума алам деген азаматтар каякта. Алар эмнеге унчукпайт. Кимден коркуп жатышат. Жаңы шайланган президенттенби, кылмыштуу топтонбу? Эки күндөн бери парламенттин жалпы жыйыны болуп жатат. Фракция жетекчилери каякта? Жымжырттык……Бул өтө коркунучтуу жымжырттык…» -деп билдирген эле. Чын эле Мадумаров айткандай саясий кырдаал тынч болуп турат. Же баарына эле баарыбир болуп, кайдыгерлик менен жашап калыштыбы? Кайдыгерлик жашоо чынында коркунучтуу эмеспи. Анткени, бийликке атаандаштар жок болгондо, бийликтин адамдары өз ара мушташат, биринин этин бири жейт, керек болсо адам өмүрүн алууга чейин барышат. Кызмат талашып, устукан талашып, аягында мамлекетте хаос башталат.
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ