Өткөн жылы Улуттук Көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүп, эстафетаны Түркияга өткөрүп берген элек. Келерки жылы өтчү эл аралык көчмөндөр оюндары Түркиянын кайсы шаарында өтө турганы белгисиз болуп келсе, өткөн жумада Түркиянын “Анадолу” басылмасы Көчмөндөр оюндары бул өлкөнүн Бурса шаарында өтө турганын маалымдады. Мындай маалыматты басылмага Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу билдирди.
Не дейбиз, Түркиянын экономикалык жактан өнүккөн, Европанын тогошкон жеринде жайгашкандыгын эске алсак, Көчмөндөр оюндары эң жогорку деңгээлде өтүп, эл аралык таанылуусу дагы да бекемделеринен шек санабасак болот. Оюндарды көргүсү келгендердин да, ага катышуусу келген спортчулардын да катарлары артарынан шек санабасак болот. Айрымдар айтып келаткандай, көчмөндөр оюндарынын Түркияда өтөрүнө өкүнүч кылганга негиз жок. Оюндар Түркиядан өткөнү менен анын мекени, жаралган жери Кыргызстан бойдон калат. Эл аралык олимпиада оюндарынын мекени Греция экенин баарыбыз билебиз го. Ошондой эле кеп…
Булак: “Майдан”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ