Menu

Манас Осмон, журналист: «Салт-санааны тебелеген Отунбаевадай кыргыздын экс-президенти жок»

Бөлүшүү:

Журналист Манас Осмон Роза Отунбаева тууралуу “Фейсбуктагы” баракчасына пост калтырды.

Анда ал: “Кыргыз эли чегерген 80 миң сом пенсия алган Роза Отунбаева кыргыз элинин салт санаасын тебелеп, тепсеп, көчүктөрүн көрсөтүп, жылаңачтанган, аборт кылгысы келген, аял менен аял, эркек менен эркектин үйлөнүүсүн үндөгөн көргөзмөгө келди. Кыргыз элинин мындай экс-президенти жок!”,-деп жазган.

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган иш-чара 17 күнгө созулмак. Ал кечээ, 2-декабрда Маданият министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен токтотулду жана аталган музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматынан бошотулду. Ал министрдин басымы менен эмес, коомчулуктун кысымы менен кызматтан кеткенин жана коомчулук буга даяр эместигин айтты. Ага өзү түрткү болду, себеби, феминналеде дырдай жылаңач кыздар чыкса, жиптерге: “Аборт кылууга менин укугум бар”,-деп жаштарга терс таасирин бере турган сөздөр жазылган ич кийимдер кир кыпчыткыч менен илинген. Ага коомчулук катуу реакция кылып, намыстуу кыргызымдын жигиттери ага каршы акцияны 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында уюштурду. Аларды министр кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин билдирди. Ага катышкан активист жарандар: Айбек МырзаТөрөкан Жунусбеков жана акциянын уюштуруучусу Мелис Аспеков ойлорун ортого салып, сунуштарын айтты. Ал эми аны уюштурган куратор Алтын Капалова аны искусство деп, ага теригүүнүн кереги жок деп эсептейт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: