Menu

Видео – Тажикстанда селден жабыркаган тургундар жол тосушту

Бөлүшүү:

Өткөн жумада селден жабыркаган Хатлон облусундагы Хуромон районунун ондогон тургуну бийликтен үйлөрүн калыбына келтирүүгө жардам берүүнү талап кылып, 17-майда Бохтар-Душанбе унаа жолун тосушту.

«Озоди» радиосу жарыялаган видеодо жол тосулган жерде милиция жана аскер кызматкерлери жүргөнүн, автоунаалардын узун тыгыны жаралганын көрүүгө болот.

Азырынча бийлик бул окуя боюнча комментарий бере элек.

14-май күнү кечинде Хуросон районундагы селден бир киши каза болуп, ондогон турак-үй зыянга учураган. Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси 10 үй толугу менен жарабай калганын айткан. Бирок жергиликтүү тургундар келтирилген чыгым кыйла көп экенин билдиришүүдө.

Быйыл 21-мартта да Хуросон районун суу каптап, талаада иштеп жүргөн 59 жаштагы жергиликтүү тургун мерт болгон. 200дөн ашык үйдү жана короолорду суу каптаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: