Menu

Тажикстанда көчөгө беткапсыз чыккандарга $28 чейин айыппул салынат, оорууларды жайылтуу үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы киргизилди

Бөлүшүү:

Тажикстандын парламенти айланадагы адамдарга коркунуч жараткан ооруларды жайылтуу үчүн эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунушталган мыйзам долбоорун жактырды.

Документте санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган жарандарга карата да жаза каралган. Ага ылайык, көчөгө беткапсыз чыккандарга экиден алтыга чейинки эсептик көрсөткүч (11 доллардан 28 долларга чейин) өлчөмүндө айып пул салынат. Бир эсептик көрсөткүч 58 сомониге же 5,6 АКШ долларына барабар.

Мындан тышкары ЖМКларда жана соцтармактарда пандемия тууралуу атайылап жалган маалымат тараткан жеке жактар 10дон 20га чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактар 150дөн 200гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул төлөшөт.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстанда коронавирус жуктургандардардын саны 4763 кишиге жетип, 48 бейтап каза болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: