Menu

Ташкентте Каримовдун коопсуздугу үчүн жабылган көчөлөр ачылууда

Бөлүшүү:

Акыркы жылдары Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун «коопсуздугун камсыздоо максатында» анын кортежи өтчү проспект менен кесилишкен көчөлөрдүн бөлүктөрү толук жабылган. Ал шаардагы автоунаалардын жүрүүсүнө тоскоолдуктарды жаратып келген.

Ыңгайсыздыктарды жоюу максатында өткөн ишембиде Ташкентте Мустакиллик проспектисинин буга чейин жабылган бөлүктөрүн ачуу иштери башталды. Курулуш техникалары менен жумушчулар проспект менен Абдулла Кадыри көчөсүнүн кесилишине асфальт төшөп жатышат.

Аталган жолдун ачылышы Шахрисабз көчөсү тараптан Алай базарына чейин барчу унаа агымын кыйла азайтат. Ошондой эле жакынкы күндөрү Сайрам көчөсүнүн өткөн жылдын июлунда жабылган бөлүгүнүн ачылышы да күтүлүүдө.

Жолдордун аталган бөлүктөрү президенттик резиденциянын айланасында жайгашкан. Алардын жабылышы калк менен автоунаа ээлерине көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Көчөлөрдүн ачылышы жергиликтүү тургундардын жумушка барып келген жолун бир канча чакырымга кыскарат.

Андан сырткары өзбек борборундагы Мустакиллик проспектиси менен Аккурган көчөсүнүн кесилишиндеги жолду ачуу иштери башталды. Өткөн жылдын августунда анда карама-каршы багыттардын кыймылын чектей турган тосмолор орнотулган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: