Бүгүн, 10-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди “мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, жалпысынан 13 жылга кесип, 60 миң сом айыппул салды жана үй-мүлкүн конфискациялоого өкүм чыгарды.
2018-жылы вице-премьер Аскарбек Шадиевге Чынгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыкка бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон.
Абалдан пайдаланып Аскарбек Шадиев Бишкек-Баткен-Кожент-Москва-Нью-Йорк багыты менен АКШга качып кеткен.
Ал качкандан кийин июнь айында ага дагы “кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдоо” беренеси болюнча кылмыш иши козголуп, иликтене баштаган.
2018-жылдын 25-декабрында ушул эле Биринчи май райондук соту Аскарбек Шадиевди жогоруда аталган эки кылмыш иштери боюнча күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарган.
Бүгүн сот үч кылмыш ишинин өкүмдөрүнүн негизинде жалпысынан 13 жылга кесип, 60 миң айыппул салып, үй-мүлкүн мамлекеттин эсебине конфискациялооого өкүм угузду.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ