Кыргызстанда дагы 23 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
– Бишкек шаарынан – 6 адам;
– Чүй облусунан – 2 адам;
– Ош шаарынан – 4 адам;
– Ош облусунан – 3 адам;
– Жалал-Абад облусунан – 3 адам;
– Ысык-Көл облусунан – 4 адам;
– Нарын облусунан – 1 адам;
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 2055 адамга жетти.
Ал эми бул илдеттен 38 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаарынан – 19 адам;
– Ош шаарынан – 4 адам;
– Ош облусунан – 1 адам;
– Жалал-Абад облусунан – 1 адам;
– Нарын облусунан – 13 адам;
Республика боюнча жалпы 1483 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Ош шаардык клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан 1973-жылы туулган бейтап бул илдеттен каза болду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ