Menu

АКШда полициянын колунан каза тапкан Жорж Флойддун сөөгү алтын табытта жерге берилди

Бөлүшүү:

9-июнда Хьюстондо полициянын колунан каза тапкан Жорж Флойд менен коштошуу зыйнаты өттү.

Акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө маркумдун жакындары гана катышты. Хьюстон полициясы аза кортежин Пирленд шаарына коштоп барды. Ал жерде Флойддун сөөгүн апасынын жанына коюшту. BBC, CNN, Euronews, SkyNews жана башка ЖМКлар аза күтүү иш-чарасын түз алып көрсөтүштү.

8-июнда Миннеаполисте Флойддун өлүмүнө айыпталган полиция кызматкери Дерек Човиндин соту башталды. Ал абакта, сотко видеобайланыш аркылуу катышты. Кийинки сот жараяны 29-июнда өтөт.

Миннеаполисте шаардык кеңештин 12 мүчөсүнүн 9у шаардык полиция реформага муктаж экенин билдирип, аны жоюп салууну жакташты.

Жорж Флойд 25-майда көз жумган. Анын өлүмүнө катыштыгы бар деген шек менен төрт полициячы кармалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: