Бизге жеткен маалыматтарга караганда КСДПын эркетаи Мирбек Асанакуновдун иши чатак экен. Асанакунов Кыргызстан профсоюздар федерациясына төрага болуп шайланбай, бийлик менен дайындалгандан баштап, ал каалаганын кыла баштаган болчу.
Эсиңерге салсак, мындан бир ай мурун Жалал—Абад курортунда чоң чыр чыккан. Анын себеби кайра эле Асанакунов менен байланыштуу болчу, ал курорттун ордун башка бирөөгө 30 миң долларга сатып салган. Сатып алган адам келип, жамаат менен тил табышпай элди дүрбөтүп. Мына ушул иш акыркы чекит болду окшойт профсоюзчуларга.
Ушул апта ичи, профсоюз уюмунун лөктөрү ич-ара бири-бири менен сүйлөшүп, — Асанакуновду кетирбесек болбой калды деп, кол топтоп, эртең уюмдун Кеңешин өткөрүп ошол жерден көпчүлүгү ага болгоннааразычылыктарды айтып, сыйың менен кет дешет экен.
Булак: “Искра“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ