Menu

Түрк компаниясы кыргыз бийлигинен 25 млн доллар талап кылып жатат

Бөлүшүү:

АКШнын Колумбия округунун федералдык соту Entes Industrial Plants, Construction and Erection Contracting Co. Inc. (Entes) түрк компаниясынын арызын жарым жартылай канааттандырды. Түрктөр Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министрлиги келишим милдеттерин бузуп, сотко берип, 25 млн долларды түзгөн талашты АКШнын арбитраждык чечими чекит коеруна ишеним артып келген, – деп жазат Орусиянын укуктук жана соттук маалымат агенттиги (РАПСИ).

Бул маселеде респулика өзү жоопкер тарап болобу – аны сот тараптардын аргументтерин угуп туруп, 30 күндүн аралыгында өкүм чыгарат, – деп жазат РАПСИ. Бирок…

1999-жылы Кыргыз Республикасынын транспорт жана комуникация министрлиги жана Еntes өз ара келишимге кол коюшкан, анда түрк фирмасы Бишкек-Ош жолунун 620 километрин калыбына келтирмек. Келишимдин суммасы 52 млн АКШ долларын түзгөн, жумуштар үч жылдын аралыгында бүтүүгө тийиш эле.

Бирок күтүлбөгөн жагдайлардан улам: материалдардын жетишсиздигинин, аба-ырайынын бузулушунун, региондогу саясый абалдын өзгөрүшүнүн натыйжасында долбоорду өткөрүп берүү 2005-жылдын октябрына коюлган.

Ошол мезгилдин аралыгында кошумча чыгымдар 23 млн долларга кымбаттап кеткен, ошондо кыргыз бийлиги көрсөтүлгөн талаптардын кайсыл бир бөлүгүн толтурууга макул болот.

Еntes арбитраждык талашты Бишкекте 2009-жылдын январында өткөрөт, жоопкер тарап аталган министрлик болот. Алты жылдан кийини, 2015-жылы сентябрда түрк компаниясынын талабы канааттандырылып, жоопкер тарап 16,6 млн доллар төлөп бериши керек болуп чыгат.

Бул чечимдин аткарылышын талап кылып Entes алгач эл аралык маселени кароого укугу бар орус жана канадалык сотторго кайрылат. Натыйжада Канаданын Онтарио Жогорку Соту 2016-жылдын ноябрында алардын талабын канааттандырып берет. Бирок буга ыраазы болбогон түрк компаниясы 2018-жылдын 26-сентрябрында АКШнын Колумбия округунун Федералдык сотуна кайрылып, аталган министрлик менен эгемен кыргыз мамлекетинин өзүнөн 25 млн доллар өндүрүп берүүнү суранган.

Кыргыз бийлиги америкалык сотко каршы доо жазып, Колумбия округунун Федералдык соту тараптардын талашын кароого ылайык эместигин белгилеген. Ошондон улам америкалык юрисдикция Кыргыз Республикасын эмес, а Транспорт жана коммуникация министрлигин жоопкер катары карай ала тургандыгы боюнча укугун келтирип олтурат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: