Аксы РИИБдин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирустун алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, райондук штаб тарабынан кабыл алынган чечимдер жергиликтүү тургундарга жеткирилип, тиешелүү санитардык нормаларды сактоо талаптары коюлууда.
Милиция кызматкерлери жарандарды жугуштуу илдетти жуктуруудан алыс болууга үндөп, медициналык каражаттарды ар дайым жанына алып жүрүүгө чакырышууда.
Ал эми РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору тейлеген аймактарындагы өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында жалпы профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.
Мындан сырткары өздүк курам арасында коронавирустун жайылуусун болтурбоо үчүн РИИБдин имаратында кошумча дезинфекциялык иштер жүргүзүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ