Menu

Наталья Никитенко: Өмүрбек Чиркешовичтин ден соолугун текшерүү зарыл болууда

Бөлүшүү:

-Наталья Владимировна, лидериңиздер Өмүрбек Текебаев тез арада медициналык текшерүүгө муктаж экенин айттыңыз. Андай текшерүү жакында эле жүргүзүлбөдү беле?

– Январь айында Өмүрбек Чиркешовичтин даттануусу боюнча укук тартиби комитетинде саламаттык сактоо министрлигинин, жазаларды өтөө мамлекеттик кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен комиссия түзүлүп, бир гана багыт – кардиология боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Бирок, толук жана комплекстүү текшерүү болгон эмес. №47-колониянын аймагында чектелген терапия, б.а. бирин-экин таблеткалар менен дарылар дайындалган. Өмүрбек Чиркешович ал дарыларды ичкенден кийин эч кандай жылыш болгон эмес. Абалы жакшырган жок, баягы эле оорудан кыйналып жатат. Ошондуктан, биз комплекстүү текшерүү жүргүзүлүшүн талап кылуудабыз. Анткени, бул – адам укугу. Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамга да тиешелүү шарттар түзүлүшү керек. Ошондуктан, кечээ комитетте биз бул маселеге дагы бир жолу кайрылдык. Анан калса, кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор көз каранды эмес кардиологду, медицина илиминин докторун чакыртканда ал да текшерүү жүргүзүп, буга чейинки дарылоо натыйжа бербегенин, атайын жабдуулар менен комплекстүү текшерүү жүргүзүү зарылдыгын тастыктаган. 47-колониянын аймагында мындай жабдуулар жок. Ошондуктан, мыйзам чегинде атайын адистештирилген медициналык мекемелерде текшерүү жүргүзүү зарылдыгы турат.

– Бул жолу комплекстүү текшерүүгө уруксат беришет деп ойлойсузбу?

– Бул маселе өткөн жолу эле оң жагына чечилиши керек болчу. Эмне үчүн комплекстүү текшерүү жүргүзүлбөгөндүгү саламаттык сактоо министрлигине жана башка тиешелүү органдарга чоң суроону пайда кылат. Анткени, сөз адам укугу жөнүндө болуп жатат.

– Өмүрбек Текебаев менен акыркы жолу качан жолугуштуңуз эле?

– Биз, фракция мүчөлөрү адвокаттар сыяктуу эле өзүбүздүн мыйзамдуу мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдаланып такай эле жолугушуп, ал-акыбал сурап турабыз.

– Ал кишинин маанайы кандай?

– Ар качынкыда эле чыйрак, кайраттуу. Ал канткен менен мамлекеттик масштабдагы киши да. Өлкөдө болуп жаткан окуяларга кылдат баам салып, адвокаттары аркылуу журналисттерге интервью берип, өз көз карашын билдирип турат. Мисалы, экс-президенттин кол тийбестиги боюнча юридикалык казустар тууралуу пикирин айтты.

Керим Мурас

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: