“Жолдошбаевдин 2,5 гектар үйү бар экен деп жок жерден ызы-чуу кылып жаткан буйрутманын артында ким турганын билем. Кемчилигин бетке айтып койсо чычалап, уялбай ушундай чагым уюштуруп жатат. Чындыгында ал жер мындан 20 жыл мурун “Беш-Сары” компаниясына бөлүнгөн. Аянты 2,1 гектар. Эски аэропорттун учуп-конуу тилкеси болгондуктан асфальттын калыңдыгы 1,2 метр экен. Ошону талкалап, үстүнө алгач 18 кабаттуу мейманкана салалы дегенбиз, анан “Беш-Сарынын” кампаларын, кызматкерлерге үй салууну чечтик. Азыр долбоордун 30 пайызы эле бүткөн, 70% бүтө элек, келип көрсөңөр болот. Сырты чала бүткөн, ичи бүтө элек, усталар иштеп жатышат. Мен 12-кичирайондо 3 бөлмөлүү эле батирде турчумун, бул жерде курулуш материалдары уурдала бергендиктен бир чекесине көчүп келип алгам”, – деп билдирди КР Жогорку Кеңешинин депутаты Камчыбек Жолдошбаев бүгүн, 9-июнда анын үйү тууралу чыгып жаткан маалыматтарга жооп кылып.
“Беш-Сары” компаниясы 20 жылдан бери канча миллиондогон салык төлөп келатат, анын ичинде бул жерге да төлөйт. Ошончо жылдан бери салык инспекциясы да жыл сайын текшерип келатат. Анан эле бүгүн бирөөнүн буйрутмасы менен каралап салгысы келишеби же мен бир “майлуу” мамлекеттик кызматта иштедим беле? Эгер мамлекеттик бир кызматта иштеп, айлык алып жүрүп эле байып кетсем шекшишсе болмок, мен өмүр бою эле бизнесте жүрүп, салыгын төлөп келе жатпаймбы. Каралоонун да чеги болуш керек да. Бул эми түшүнүп турасыңар, бийликтен кетип бара жаткан команданын агониясы. Алар ушинтип каралап көнүп калышкан “, – деди депутат Камчыбек Жолдошбаев.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ