Menu

Бактыбек Нурмат уулу, актер: Өз өлкөмдөн эч кайда кетпейм

Бөлүшүү:

Кыргыз актерлорунун ичинде бир эле учурда театрда, кинодо, кайра каскадёрлук кызматты аркалагандар көп. Анткени каржы жаатында бир мекеме толугу менен камсыздай албагандыктан актёрлорубуз эки үч жерде иштөөгө мажбур болуп жатышат. Деген менен биздин актёрлор эч качан камсанабай баардык жактарга жетишип жүрүшөт. Мына ушундай маданияттын көп тармагында иштеп чоң салым кошкон, чет өлкөгө барып кинолоруна тартылып элибизди тааныткан актёр Бактыбек Нурмат уулу менен тааныштырабыз. Жергиликтүү ырчылардын клиптеринен көрүп эле жүрсөңүз керек, тааныш жүз, тааныш инсандын маеги төмөндө.

Бактыбек мырза,  сизди биз алгач “Апендинин 5 катыны”  деген спектаклден көрдүк эле. андан кийин спектаклдерден көп көрбөй калдык. Себеп?

—Ооба, бирок ага көп жыл болуп калды. Ал убакты эстеп азыр да достор күлө бсребиз. Болгондо да апендинин эң сулуу аялынын ролун ойногом. Көйнөк кийүү, аткаруу элдин алдына чыгуу абдан оор да эле. Бирок спекталди көргөндөр сизге окшоп бүгүнкү кунгө чейин айтып жүрүшөт. Андан оери көп ролдорду жараттым.

—Клиптердеги ролуңузду да көрүп калабыз, жүрөгүңузгө клипке тартылуу жакынбы же театрбы?

—Театр деле актёрго чоң ырахат тартуулайт. Актёрго эл ыраазы болуп, колчаап койсо кубанып калабыз. Клиптерге кээде өтүнүч кылышса тартылып коё берем. Мындан сырткары казак кинолорунда да роль жаратып жүрөм. Негизи кесибин сүйгөн адам роль тандабайт. Актёр болгон соң киного да, театрга да жетишишибиз керек. Камеранын алдында роль ачуу жеңилирээк. Мисалы бир образды ача албасаң улам дубль жасап тартыла бересиң. Театрда болсо андай эмес, татаалы ушул.

—Казактардын кайсыл кинолоруна тартылып жүрөсүз?

—Мисалы «Томирис», «Район», «Хандык» сыяктуу чоң кинолорунда каскадёрлук кылам, роль да жараткам. Алар атайын бизди чакырып жакшы төлөп беришет. Казактардын киного акчаны көп бөлүп берээри турган иш эмеспи. Андыктан сунуш түшүп биздин талаптарга жооп берсе барабыз.

—-Жашыруун болбосо казактар бир рольго канча төлөшөт?

—Жетиштүү эле төлөшөт, анын суммасын айтып олтуруу анчалык деле зарыл эмес.

—Мисалы сизди Казакстандын жарандыгын ал, бизде иште дешсе макулсузбу?

—Мен өз өлкөмдун патриотумун. Андыктан миллион төлөп берсе да бармак эмесмин. Ансыз деле казак-кыргыз бир тууган элбиз. Аябай деле алыс эмес, жарым саатта Бишкектен чыгып Алматыга кирип барса болот. Андыктан өз мекенимди таштап эч кайда кетпейм.

—Каскадёрлукту канча жашыңызда баштагансыз?

—Кичинемде эле айылда жүргөндө ар кандай жарлардан секирип  көргөндү жактырчумун. Апам канча жолу кой-ай деди, ага деле болгон жокмун. Кийин актёрлукка келген соң каскадёрлук мени өзүнө тартып кетти. Азыр коркпой эле ар кандай трюктарды аткара алам. Жаракатты болсо көп алам. Фанат киши таптакыр болбойт экен. Колумду сындырган, бетиме ат тепкен учурлар көп болду. «Эмдигисинде абайлайм» дейм да кайра эле баш отум менен кирип кетем.

—«Саякбай» тасмасында жаш кезин ойноп Манас айтып жаткан кадрлар бар. Өзүңүзгө жактыбы?

—Ушундай чоң залкардын жаш кезин ойноп жаткан соң аябай киного даярдандым. Манасчы болбогон соң Манастын саптарынан жаттап айттым. Ролум кандай чыкканын эми көрөрмандар эле айтпаса өзүм мактана албайм. Бирок жылуу ии кирлерди угуп жатам, демек жакшы аткардым окшойт.

—Актёрлук, каскадёрлуктан тапкан каражаг жашооңузга жетеби?

—Бул эки кесиптен сырткары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство окуу жайында балдарга сахнадагы кыймыл, тагыраагы курал менсн ойноо тактикасын үйрөтөм. Кыргыз Драма театрында да сабак берем. Кыскасы Кудайдын буйруганына ыраазымын. Эч кимге нааразы эмесмин, себеби мен ырыскымды өз өлкөмдө туруп таап жеп жатам. Ушуга Кудайга шүгүр.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: