Жогорку Кеңештеги айрым депутаттарыбыз анда-санда ой келди сүйлөп коюшат. Коомдук прогрессивди «илибой» жагынан туура кабылдагысы келгенин көрсөтүүгө ашыгып. Айталы, Жогорку Кеңештеги КСДП партиясынын депутаты Дастан Бекешов акылга сыйбай турган бир маселе көтөрдү. Анын ою боюнча түрмөдөгүлөргө уюлдук телефон менен байланышып туруу мүмкүнчүлүгүн беришибиз керек экен. Бекешов өз сөзүндө: «Түрмөдөгүлөр кызматкерлерге акча берүү менен уюлдук телефондорду колдоноору эч кимге сыр эмес. Чектөө киргизген менен майнап чыкпай жатат. Андан көрө уруксаат берип койбойлубу?! Алар деле адам да, жакындары менен байланышта болсун!» – деди. Ошол эле демократиянын «атасы» болгон АКШда да уюлдук телефон менен байланышуу абактагылар үчүн акылга сыйбайт. Бир эле мисал, эгер кылмышкер уюлдук телефонду ээн-эркин пайдаланса, анда анын абакта жатканы кайсы?! Каалаган учурда каалаган маселени телефон аркылуу чечип жаткан коомдо бул абсурд эмеспи?
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ