Menu

Бакирдин Субанбеков, депутат: Бурулайдын өлүмүнө катардагы шалаакалык себеп болду

Бөлүшүү:

19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын окуясы президентке жетти. Өлкө башчы Сооронбай Жэзнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алып, жаш кыздын өлүмүнө жол бергендерди катуу жазалоону тапшырды. Ал арада Ички иштер министрлигинин ички кызматтык иликтөөсү аягына чыгып, баш-аягы 23 милиция жазаланганы белгилүү болду. Бурулайдын бейажал өлүмү Кыргызстанда гана эмес дүйнөлүк массалык маалымат каражаттарынын талкуусуна түштү. Коомчулук милициянын шалаакылыгына нааразы болуп жатышат. Ушул теманын айланасында Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Бакирдин Субанбековго суроо узаттык.

– Сиздин оюңузда, 19 жаштагы кызды ала качуунун себебинен, болгондо да милиция бөлүмүндө каза болушунда милициянын түздөн түз кандай күнөөсү бар? Алар кандай реакция кылышы керек эле?

– Бул жерде милициянын түздөн-түз күнөөсү бар. Бири кармап келди, экинчиси ошол жерде териштирип жатты. Шалаакылык эле болуп калды. Эгерде учурунда карап, тинтип жакшы текшерсе баланын жанында бычак бар экени билинмек да. Негизи милиция кызматкерлери ар бир жаранды убактылуу кармоочу жайга киргизгенде дыкат тинтүү жүргүзөт. А булар шалаакылык кылды, ошонун негизинде ушундай жаман окуя болуп кетти.

– Бул окуя жалпы кыргыз милициясына көлөкө түшүрө алабы?

– Кыргызда айтылгандай “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей эле милициянын баары эле мындай шалаакы эмес. Арасында өз ишин мыкты аткарбагандардын айынан жарандарыбыз ушундай жаман абалга туш болуп калып жатат.

– ИИМ Кашкарбек Жунушалиев кыздын өлүмү боюнча 23 милиция кызматкерине чара колдонулуп, анын ичинен айрымдары жумуштан алынаарын айтып жатат. Президент дагы катуу жаза көрүүнү тапшырды. Бирок маселе кызматтан алуу менен эле чечилеби?

– Кызматтан алуу менен эле чектелбеш керек. Айрымдары жоопко да тартылышы керек. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев тажрыйбалуу жетекчи. Башка милицияга сабак болушу үчүн колдон келген чараны көрөт деп ишенем. Президент Сооронбай Жээнбеков дагы күч кызматкерлерине бул окуяга карата катуу жаза көрүүнү тапшырды.

Булак: “Марал” радио

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: