Menu

Орусияда спортчунун өлүмү боюнча кармалган тажикстандыктардын айыбы жеңилдетилди

Бөлүшүү:

Орусияда спортчу Сергей Чуевдин өлүмүнө айыпталып жаткан алты тажикстандыктын ишинен «Өлтүрөм деп коркутуу» беренеси алынып салынды. Бул тууралуу айыпталуучулардын биринин адвокаты Игорь Кайдан билдирди.

Анын айтымында, былтыр июнда Москвадагы парктардын биринде болгон окуя маалында «тажикстандыктар эс алып жаткан башка адамдарды да өлтүрөбүз деп коркутуп, үч аялга жана бир өспүрүмгө кол салышкан» деген билдирүү ойдон чыгарылганы далилденди.

«Буга чейин тажикстандыктар «атайылап адамдын денесине зыян келтиришкен, бул жабырлануучунун өлүмүнө алып келген» деп айыпталып жатышкан. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө буга далилдер табылган жок. Азыр алар «Бейбаштык» жана «Уруп-согуу» беренелери боюнча айыпталып жатышат», — деди адвокат.

Окуя быйыл 8-июнда Москванын Түштүк Бутов аймагында болгон. Орусиялык ЖМКлар 34 жаштагы Сергей Чуев Москвада кош бойлуу келинди бейбаштардан коргоо маалында өлтүрүлгөнүн кабарлашкан. Бирок бул версияны окуяга күбө болгон адамдар четке кагышкан. Алар мушташты Сергей Чуев өзү баштаганын айтышкан. Спортчу сууга кулап кеткенде ага эч ким жардам берген эмес.

Чуевдин өлүмүнө шектүү катары Тажикстандын алты жараны кармалып, Москванын Черемушкин райондук соту аларды камакка алуу чечимин чыгарган.

Азырынча бул кылмыш ишин тергөө менен алектенип жаткан Москванын Түштүк-Батыш округунун прокуратурасы камакка алынган тажикстандыктардан дагы бир айыптоонун алынгандыгы боюнча комментарий бере элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: