Menu

Азчылык көпчүлүккө чабуул жасоодо

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы соңку окуялардын баары тең бир гана линияга бирдиктүү туташып, анын негизги идеялык-сюжеттик өзөгү чет өлкөлүк ири геосаясий оюнчулардын сценарийлери боюнча, алдын ала өзгөчө дыкаттык менен даярдалып келгендиги ачык көрүнө баштады.

Тынч жашай баштаган элди дүүлүктүрүп, аздыр-көптүр стабилдүүлүк орной баштаган коомду ичтен бөлүп-жарып, коомчулуктун арасына дүрбөлөң салуу идеясы кайсыл бир деңгээлде ишке ашкандыгына биз баарыбыз тең күбө болдук!..
Сөз кечээ жакында эле болгон Гапар Айтиев атындагы Республикалык көркөм сүрөт музейиндеги чырдуу перформанс тууралуу болууда. Директорлук кызматтан өз арызы менен кетүүгө мажбур болгон Мира Жангарачева жалпы коомчулукка: “Болду, эми биздин ырыбыз бүттү, тынч жашоо токтоду, эми абдан чоң проблемалар жаралат!” – деп, добулбас кагып жиберди. Бул кандайдыр бир деңгээлдеги парольдоштурулган, жашыруун белги – “сигнал” жетчү кишилерге дароо жетип, бул локалдык масштабдагы жана да чыныгы искусство менен ач кандай байланышы жок обу жок аморалдык жорук аз жерден эл аралык деңгээлдеги чыр-чатакка айланып кете жаздады. Дал ушул максатта алыскы Даниядан алынып келинген, Кыргызстандыктардын кары-жашын, аял-эркегин көзгө илбей, жергиликтүү элдин улуттук баалуулуктарын, менталитетин уруп да ойнобой туруп, “заказчыларынын” эрки менен (албетте, белгилүү бир “эмгек акысы” үчүн!) жылаңачтанып беришкен кыздардын жоруктары коомдук-саясий маанайды кыйла жандантып, кызуу талаш-тартыштардан баштап, бири-бирине кескин карама-каршы турган ой-пикирлердин жаралышына себепкер болду.

Уюштуруучулардын тилеги таш каап, адегенде өтө катуу дүрбөлөң башталса да, дароо эле басылып калган бул коомдук-саясий сценарий ишке ашкандыгын танууга болбос. Анткени, коомдук маанай барометри гана убактылуу чыңалып тим болбостон, коомчулук арасындагы конфронтация жаралып, жалпы эл арасына көрүнбөгөн жик салуу орун алды.

Мира Жангарачева: “Бүттү! Эми тополоң башталды!..” – деп айтууга үлгүрөрү менен эле, экс-президент Роза Отунбаева адаттан тыш сары шляпасы менен саксаңдап дароо жетип барып, а бирок, өзүнүн дайымкы көнгөн адатынча эле, алкынып-булкунуп, жулкунуп сүйлөгөн манерасы менен жалпы кыргыз элинин улуттук баалуулуктарды аздектеген бөлүгүн катуу каарып өтүп, силердин деңгээлдериңер өтө төмөн деп, “маданияттуу” болбойсуңарбы, биздей “бийиктикке” көтөрүлбөйсүңөрбү деген кыязда, жемелеп-жектеп алууга да үлгүрдү…

Бактыга жараша, Роза Отунбаева сымал толеранттуулукту экстраваганттуулук деп баалабаган, же кээде андан да ашыра карап, – авантюралык деп түшүнбөгөн адамдар арбын. Андайлардын бири — учурдагы эң мыкты улуттук үлгү катары тута турган, чыгаан кыргыз айымдарынын бири – Ишенгүл Болжурова – сары түс -“революциянын түсү” экендигин белгилеп, Роза Отунбаева бекеринен сары шляпа кийип келбесе керек деди.

Жогорудагы “искусство көргөзмөсү” аталган чуулгандуу перформанс ачыктан-ачык провокация түрүндө жасалгандыгын, анын уюштуруучулары да тана албас. Дал ушундай, же мындан да катуу, узакка улана турган чуу салуу алардын негизги жана түпкү максаты экендиги эч жашыруун эмес. Алардын спонсорлору жана жетекчилери океандын ары жагынан дал ушул сыяктуу саясатты жүргүзүүнү эбактан бери эле ырааттуу түрдө улантышууда. Бул өңүттөн алып караганда, Роза Отунбаева, Мира Жангарачева жана башка уюштуруучулар тек гана алардын музыкасы менен бийлөөгө мажбур болушкан марионеткалардын ролдорун аткарышууда.

Традициялык эмес ориентация, сексуалдык азчылыктар, бир жыныстагылардын баш кошуп-үйлөнүүсү, жана да алардын укуктарын коргоо сыяктуу “баалуулуктар” дал ушул эл аралык уюмдар, ар кандай фонддор жана да өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу жайылтылып жаткандыгы бекеринен эмес. Сөздүн түз маанисинде да, өтмө маанисинде да. Дал ушул максаттарда каражаттар бөлүнүп, коомчулукту удургутуп, жик салып бөлүп, өз ара конфронтациялык-конфликттик, эч келишкис, чыңалган абалга жеткирүү – атайын кыйзматтардын түздөн-түз жетекчилиги алдында иштелип чыккан сценарийлердин негизги идеясы болуп эсептелет.

…Эң соңку медициналык статистика маалыматтары боюнча, бардык эле элдердин арасында 0,03% – адамдар жогорудагыдай аталган сексуалдык ориентация боюнча (табиятынан сологой болуп төрөлгөн сымал эле!) төрөлүшөт. Же, жалпылап айтканда, миллион адамдын ичинен – үчөө табиятынан ошондой жаралып калышы ыктымал. Демек, мындай табигый чектен чыккан, өзгөчө фактылар өтө сейрек болсо да, бардык эле элдердин турмушунда эзелтен бери эле орун алып келген.

Асыресе, эч качан ошол сексуалдык азчылык өкүлдөрү өз “өзгөчөлүктөрүн” (же Роза Отунбаевачасынан айтканда, өз маданиятын”) жалпы коомго таңуулап, “бизден үйрөнгүлө, үлгү алгыла!” – деген деңгээлге жеткен эмес!.. Коомчулук кыжырын кайнаткан жана да чуу чыгарган жагдай дал ушул болууда. Болбосо, улуттук аздектеген музейде эмес, башка жакта – көчөдө, же паркта жылаңач болуп жүрсө, буга анча-мынча адамдар гана көңүл бөлүшүп, алар деле: сыягы, баш-мээси жайында эмес, оорулуу бирөө окшойт, байкуш?! – деп коюп, кол шилтеп, андан ары кетип калышмак…

Бул сыяктуу “эл аралык уюмдар тарабынан уюштурулган” акцияларга карап, бир сыйра электен өткөрсөк, Бишкектеги – эрте жаз айларында укук коргоочулардын аты менен митинг-пикетке чыгышып, бирок, иш жүзүндө, “Мен трансмын!” – деген ураан-плакаттар менен көчөгө чыккандар болгондугу али эстен чыга элек. Анда да коомчулук бир аз кызыл-чеке боло түшүп, кайра мурдагы ыңгайына араң кирген.

Ушуга байланыштуу, АКШ жана союздаштары болушкан батышчыл айрым мамлекеттер өз геосаясий алкагында кармоого тырышып келе жаткан өлкөлөрдөгү кырдаалга көз сала кетүү ашыктык кылбас. Казакстанда мурдагы президент Нурсултан Назарбаев бийликтен өз ыктыяры менен кетет экен деген сөз чыгып, коомдук маанай аз-аздап өзгөрө баштаганда, аны менен кошо жандана башташкан НПОчулар да адам укуктарын алдыңкы ураан катары көтөрүп чыгышкан. Жогорудагы аталган азчылыктардын “баалуулуктарын” пропагандалоого өтүшкөн.

“Казактын атактуу композитору Курмангазы деле гомосексуалист болгон!” -деген ураанды жайылтышкан. Кызыгы, Курмангазы эл алдында улуу композитор катары гана калгандыгын эске алышкан эмес. Аларды автобустарга тыгып, эл арасында бүлүк салууга ниеттенгендерди административдик жоопко тартышып, эскертүүлөр жасалып, штрафтар салынып, айтор, кынына киргизилчүлөр дароо кынына киргизилди!.. Бул жагдай боюнча, орус улутунун жалпы санына жараша, “тарыхта” калган андай ысымдар көбүрөөк экендигине карабастан, мамлекеттик деңгээлде өтө катаал, ырааттуу саясат жүргүзүлүп келе жатат. Жогорудагыдай жашоо образын ар кандай жолдор менен жайылтуу (порнография, пропаганда ж.б.) аракети кеңири кулач жайса да, аларга карата кандайдыр бир аномалия катары жасалган мамиле биротоло орноп калган. Владимир Путиндин жакында эле өткөргөн жыл сайын өткөрүүчү салттык пресс-конференциясында, чет өлкөлүк журналисттин сексуалдык азчылыктардын укуктары боюнча суроосуна берген жообу таасын иллюстрация болуп бере алат: биз аларды эч куугунтуктабайбыз, өздөрү каалагандай жашай беришсин, бирок, жалпы коомго өз жашоо образын таңуулап, балдар-өспүрүм жаштар арасында жайылтууга жол бербейбиз!

Демек, моралдык-нравалык жактан эзелтен бери эле калыптанып калган түшүнүктөрдү дагы ревизиялап, түп-тамырынан бери “революция” жасоо аракети Кыргызстанда гана “ийгиликтүү уланууда”. Бул саясат дале болсо АКШчыл, батышчыл саясатчылар аркылуу ишке ашырылууда. Тилекке каршы, ошол “саясатчылар, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар” бул маселенин өздөрүнө ыңгайлуу жагын гана пайдаланышып, башка абдан коркунучтуу жана улут келечегине динамит салган жагдайларды атайылап, абдан кылдаттык менен кыйгап өтүп, жашырууга аракет жасап келишет.

Аталган перформанс эч логикага сыйбаса да, Москвадагы фабрикада чыккан өрттө күйүп өлүшкөн 17 кыргыз кыздарына арналгандыгын айтып чыгышты. А эмне үчүн коомчулукта ЛГБТ деп аталган топ түзгөн кооптуу жагдайларды сөз кылышпайт?! Ноокатта жаңы төрөлгөн балдарга чейин жугуп, чуу чыкканда алар эмнеге мынчалык чуу көтөрүшкөн жок?  Чындап эле улут келечеги үчүн күйүшсө, “Болду эми, тынч жашоо бүттү, улут генофондуна коркунуч туудурган жагдай жаралып, тополоң башталды!” – деп, Мира Жаңгарачевачасынан чаңырып чыгышса болот эле го?..

Республикадагы СПИД, Вич-инфекциясы боюнча кырдаал абдан кооптуу болуп, бул багыттагы жабык (атайын адистер үчүн гана пайдаланылчу) маалыматтык материалдар менен таанышкан соң, төбө чачың тик туруп, кез-кезде ар кайсыл аймактарда боло калчу куралдуу конфликттер жана да экстремисттик-террористтик аракеттер туудурган коркунучтар тек гана локалдык жана бирин-экин фактылар экендигине ынанасың!..

Эл аралык геосаясий кызыкчылыктардан улам, АКШ тарабынан мурдагы союздук республикалар арасынан Казакстан, Кыргызстан, Грузия, Украина сымал эгемен өлкөлөрдү өз орбитасына тартуу аракети уланууда. Кыргызстан тээ эгемендиктин эң алгачкы жылдарынан бери эле, АКШ жана Россия Федерациясынын геосаясий кызыкчылыктарында борбордук орунду ээлеп келе жатат. Ал тургай, бул эки супердержава тең Кыргызстанды кайсыл бир деңгээлде өздөрүнүн Борбордук Азиядагы саясаттарын ийгиликтүү улантуудагы плацдармы катары да карашууда.

Айрым чөйрөлөрдө Кыргызстандагы АКШ элчилигине 60 млн доллар келгени айтылууда. Биздеги өкмөттүк эмес уюмдардын активисттеринин демейден тышкары жанданып башташканы, “майлуу жилик” алгысы келген айрым белгилүү саясатчылар жетектеген фонддордон баштап, алардан арткан сөөктөр да ыргытылып калар деп үмүт кылган ар кандай НПОчулар көп.

Роза Отунбаева саясатка ашкере кийлигишип, сары шляпасы чуулгандуу топ арасынан улам сербеңдей берсе, мыйзам чегинде (экс-президенттер тууралуу чектөөлөр боюнча) экс-президент статусунан ажыратууга болот. “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун курамына кирип (же, мурда эле анын бир бөлүгү болгонбу?!), Роза Айтматова башкарган, чет өлкөлүктөр каржылаган фонддор мурдатан бери кандай иликтөөлөрдү жасап келген жана алардын заказчылары кимдер болушкан?

Айрым маалыматтарга караганда, Роза Айтматова мурдатан эле АКШ жарандыгына ээ болгон дешет. Бул өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, жарым жыл АКШда жашап, жарым жыл Кыргызстанда жүрүшү керек экен. Ал эми Ширин Айтматова коррупция боюнча абдан чуулгандуу жана да өтө күчтүү профессионал, иликтөөчү журналисттер дагы оңой менен таба алгыс фактыларды кайдан алууда? – деген суроо өзүнөн өзү жаралат. Эгемен өлкөнүн эл аралык саясатына ылайык, нукура гуманитардык багыттагы долбоорлор гана калтырылып, калган бардык кандайдыр бир шек жараткан проекттер биротоло жабылышы максатка ылайык.

Кыргызстанда “Мен трансмын!” – деп башталган “демократиялык марш” АКШ мамлекеттик департаменти тарабынан колдоого алынып, Грузия, Украинада ийгиликтүү улантылган. “Аmnesty International” эл аралык уюму Грузияда ЛГБТ-активисттеринин жүрүшүн уюштуруп, 18нен 22-июнга чейин “Грузияда жана Түштүк Кавказда биринчи жолку ЛГБТ жумалыгы өткөрүлгөн”. АКШчыл күчтөр менен бийликке келген экс-президент Михаил Саакашвили бийликтен куулганы менен да, анын саясатын уланткан күчтөр калганы маалым. Киевде “Марш равенства” деп аталган ЛГБТ-коомчлугунун 8 миң киши катышкан жүрүшү өтүп, ансыз да жарандык согуш фонундагы элди сентябрь айында кыйла катуу дүрбөлөңгө салган.

Росссия Федерациясы “Иноагенттер” тууралуу мыйзамды кабыл алып, андагы алдын ала каралган тизмедегилердин саны улам жаңыдан толукталууда. Биз Россия менен стратегиялык партнер катары дал ушул багыттагы өнүгүү жолуна өтүшүбүз керек. Мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңеште экс-депутат Турсунбай Бакир уулу тарабынан иштелип чыккан «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору колдоо тапкан эмес. Азыркы кырдаал ошол долбоорду толуктап, мүмкүн болушунча күчөтүп тез арада кабыл алууну талап кылууда.

Ишенбек Муртазаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: