Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып кеткен картаң кишини таап, үйүнө жеткиришти. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 22-ноябрда Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Москва көчөсүндө картаң киши жоголду деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1947-жылы туулган Г.Л аттуу чоң-эне арыз менен кайрылган. Анда 1940-жылы туулган К.Н. аттуу жолдошу үйүнөн чыгып кеткен бойдон жок экендигин, карылыктан адашып кетсе керектигин айтып, издеп таппай жаткандыгын кабарлаган.
Жазылган арыздын негизинде кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде Жибек-Жолу көчсүнөн таап, жубайына сак саламат өткөрүп беришкен.
Өз кезегинде кайгуул кызматынын ыкчам аракетине ыраазы болуп, карыялар кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ