Бүгүн, 15-декабрда, саат 07:39да Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Оштогу жер титирөөнүн күчү 3,5 балл болгон. Жер титирөөнүн очогу Алай районунун Бор-Дөбө айылында катталып, анын күчү 3 баллга жеткен. Жабыркагандар жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ