Menu

Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык контролдоо пункттарын текшерди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин адистери тарабынан мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык контролдоо пункттарында бир жума ичинде жүргүзүлгөн текшерүүлөр жүрдү.

Ушул жылдын 9 декабрдан 16 декабрында экспорттолуучу 5325,76 тн. /3408 м³ ата мекендик айыл чарба продукциялары текшерүүдөн өттү. Товарларды ташып чыгаруу жана ташып кирүүсүн текшерүү менен, продукциялардан үлгүлөрдү алуу, карап чыгуу ташуу шарттары жана сактоо эрежелери ишке ашырылды. Мындан тышкары, экспорттолгон жана импорттолгон продукциялардын маанилүү аспектиси болуп саналган этикеткалоо маркалоо эрежелерин текшерүү жол-жобосу, ошондой эле коштоочу документтердин бар экендигин текшерүү болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, Россия Федерациясына жана Казахстан Республикасына экспорттолгон 484,4 тонна жашылча (болгар калемпири, сабиз, чеснок, пияз, капуста, түрп); 934,46 тонна мөмө жемиш (жүзүм, алма, алмурут, кара өрүк, анар, бийалма, хурма); 806,8 тонна кургатылган мөмө жемиш; 516,3 тонна жаңгак (Россия жана Түркия, Иран, Ирак) өлкөлөрүнө экспорттолгон жана 2127,5 тонна буурчак, России, Казахстан жана 14 алыскы, жакынкы чет өлкөлөргө багытталган. Картошка 252 тонна в Узбекистан, Туркменистан; азык түлүк тамактар – 204,3 тонна Россия, КЭР, Таджикистан, Узбекистан жана Монголия өлкөлөрүнө экспорттолгон. Жыгач материалдары – 3408 м 3 Россия жана Узбекистанга экспорттолгон.

Баардыгы болуп- 1454 уруксат кагаздары берилген. Жума ичиндеги текшерүүнүн натыйжасында Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери эч кандай мыйзам бузууларды тапкан эмес. Бардык экспорттолгон продукциялар даректери боюнча жеткирилген, жүктөрдү кайтаруу катталган эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: