Menu

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты

Бөлүшүү:

Кечээ, күнү Баткен облусунун Көк-Таш айылында кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жергиликтүү тургундар менен тажик тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Маалыматтарга караганда Кыргызстан тарапта турган дүкөндүн жанына тажик жарандары тосмо тургуза баштаган. Мындай окуядан улам Кыргызстандын 30-40 жараны чогулуп, аларга карата нааразычылыгын билдиришкен. Эки жаат болуп кайым айтышууга барышып, аягында атайын чек ара кызматына кайрылууларды кылышкан. Ал жерге кыргызстандык чек арачылар барып, такталбаган жерде мындай иш-аракеттерди токтотууну талап кылган. Бирок тажикстандыктар баш тарткан. Учурда эки өлкөнүн чек арачылары жана Баткен облусу менен Согди аймагынын жетекчилиги жолугушуп жатат. Кыргыз тарап чек ара сызыгы так чечиле элек аймакта кандай гана курулуш иштери болбосун, каршылыгын көрсөтүп келет.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: