Анын айтымында, телеканал ал жөнүндө жалган маалымат тараткан. Эркин экономиканы өнүктүрүү боюнча Борбор Азиялык Корпорациянын президенти Ли Жонг Бэк телеканалдын үстүнөн арызданганын ММКларга арыздануу боюнча комиссия да тастыктады.
Көрсө, бизнесмендин айтымында, аталган телеканал 2019-жылдын 26-майында “Тарыхый жайды талкалаган корей бизнесмени” деген жалган телесюжет жарыялаган. Муну менен анын кадыр-баркына шек келгенин билдирип, ачык каналдарда жүргөн сюжетти өчүрүүнү суранууда.
Бул арыз комиссиянын кезектеги жыйынында каралат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ