Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз сакталган он курал табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 2-декабрдан 7-декабрга чейин “Арсенал” операциясы жүргүзүлүп, мыйзамсыз сакталган он курал табылып, он эки кылмыштын бети ачылган. Баңгизаттарга байланышкан төрт кылмыш аныкталып, издөөдө жүргөн эки адам кармалган. Мыйзамсыз сакталган он куралдын ичинен жетөө боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ