Menu

Фото – Т.Батыралиев Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Ахмет Демирджан менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын  Саламаттыкты сактоо министри Т.Батыралиев 2018-жылдын 1-3 мартта Түркиянын Анкара шаарында медициналык окуу жайларында билим алган чет өлкөлүк даарыгерлердин, фармацевдердин жана медициналык жабдыктардын колдонуу боюнча тахникалык кесиптин ээлерин чогулткан эл аралык конференцияга катышып жатат. Конференциянын алкагында Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Ахмет Демирджан менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Т.Батыралиев кесиптеши Ахмет Демирджанга убакыт бөлүп көрсөткөн меймандостук мамилеси үчүн жана кыргыз элине саламаттыкты сактоо тармагында көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирди. Министр Ахмет Демирджан менен Бишкек кыргыз-түрк достук ооруканасынын ачылышы, кыргыз-түрк ортоктош иштетилиши, Кыргызстан  тарабына өткөрүлүп берилиши, ошондой эле кыргыз жарадарынын медицина тармагында адистиктер боюнча билим алуусу тууралуу макулдашуунун долбоорун талкуулоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ахмет Демиржан оорукананын ийгиликтүү иштөөсү үчүн керек болгон бардык жардамды көрсөтүүгө даяр экенин, айрыкча оорукананын мамлекеттик, Улуттук статуска ээ болорун, социалдык жардамга муктаж болгон жарандар үчүн өзгөчөлүктөр каралаарын билдирди. Түркия тараптан медицина тармагы боюнча дайыма жардам берүүгө даяр экендигин айтты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: