Menu

Кыргыз-казак чек арасында 50 чакты оор жүк ташуу унаасы токтоп турат

Бөлүшүү:

Кыргыз-казак чек арасында 50 чакты оор жүк ташуучу машина токтоп турат, абал туруктуу. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

Анын айтымында, көзөмөл-өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатат.

– Азыркы саатка карата «Ак-Тилек» бекетинде 50 чакты оор жүк ташуучу автоунаа чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн кезекте турат. Кыргыз-тараптан эч кандай чектөө жок. Кыргыз чек арачылары машинеде тыюу салынган каражат же зат жокпу, текшеришет.

Бөрүбаева кошумчалагандай, кыргыз-казак чек арасындагы башка бекеттерде жөө жүргүнчүлөрдүн же автоунаалардын топтолгону байкалбайт.

Эки өлкө ортосундагы чек арада жалпы 12 өткөрмө пункту бар, азыркы учурда анын сегизи иштейт. Калгандары кайра ачуу тууралуу макулдашуулар аткарыла элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: